Бишкек шаарында шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМден бирдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Бакай-Ата жаңы конушунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча талапкердин шайлоо штабынын жетекчиси Т.С. жана үгүттөөчүсү Т.Э. депутаттыкка талапкер үчүн үгүт иштерин жүргүзүү учурунда шайлоочуларды сатып алуу максатында конуштун тургундарына көмүр таратып жана ар бир добуш үчүн 2000 сомдон бере тургандыгы да аныкталган.
Шектүүлөр Свердлов РИИБине жеткирилип суракка алынды. Жогорудагы жарандардын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, шайлоочулардын тизмелери толтурулган бланктар жана кимге канча суммада акча берилген тизмелер далил катары алынды. Учурда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгү менен "шайлоочулардын добуштарын сатып алуу" катталып, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.