"50 адамдын тизмесин алып жүргөн". Бишкекте добуш сатып алууга шектүү кармалды

Бишкекте шайлоочулардын добуштарын сатып алууга тизме түзүп жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Свердлов районундагы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо учурунда Бишкек шаарынын Б.Б. аттуу тургуну бир талапкерге үгүт иштерин жүргүзүү учурунда тизмелерди тактап, акча таратууга аракет жасап жаткандыгы боюнча маалымат текшерүүгө алынган.

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин тергөө кызматынын тапшырмасынын негизинде ыкчам иликтөө жана тергөө амалдарынын жүрүшүндө Б.Б. аттуу жарандын 50 адамдын тизмесин алып жүргөндүгү аныкталды. Учурда топтолгон материалдар БШКга жана Свердлов райондук прокуратурасына жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан