Чүй облусунун Ысык-Ата районунда уурулук фактыларына шектелип балдардын тобу кармалды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, кармалгандар аккумулятор уурдоого шектелүүдө.
Белгилүү болгондой, жыл башынан бери Ысык-Ата РИИБине жергиликтүү тургундар арыз менен кайрылышып, жүк ташуучу унаалардын аккумулятору жана башка тетиктери уурдалып жатканын билдиришкен.
Бул фактылар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене (уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
"Ыкчам иш-чаралардын негизинде жогорудагы кылмыштарга шектелип 2003-жылы туулган К.У., 1995-жылы туулган Ж.Э., 2002-жылы туулган Т.Э., 2004-жылы туулган Т.З. жана 2003-жылы туулган О.А. аттуу жарандар кармалды.
Учурда кылмышка шектүүлөрдүн Ысык-Ата районунун аймагында катталган 10 уурулук фактысына тиешеси бар экендиги боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө", - дешет мекемеден.