Футбол боюнча Польша жана Швеция курама командалары Орусия менен ойноодон баш тартты

Польшанын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын плей-офф баскычында Орусия курамасы менен ойноодон баш тартты. Бул тууралуу Польшанын футбол союзунун президенти Чезаре Кулесза Twitter баракчасына жазды.

"Жетишет, иш-аракет кылууга убакыт келди. Польша курама командасы плей-оффто Орусиянын курама командасы менен ойноо ниети жок. Бул туура чечим. Биз Швеция жана Чехиянын федерациялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз", - деп жазган ал.

Мындай чечимди Польшанын жана "Бавария" клубунун чабуулчусу Роберт Левандовский дагы колдоду.

"Бул туура чечим. Украинада куралдуу агрессия уланып жаткан кырдаалда мен Орусиянын курама командасы менен беттешүүнү элестете албайм. Бул үчүн орусиялык футболчулар жана күйөрмандар жооптуу эмес, бирок биз эч нерсе болбогондой оюн жүргүзө албайбыз", - деген Левандовский.

Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуудагы плей-офф баскычында Швеция Чехия менен ойносо, Орусия Польша менен беттешет. Бул жуптардын жеңүүчүлөрү финалдык баскычка чыгып, жеңгени Катарга жолдомо алмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан