"Ош базарынан" ич кийим уурдоого айыпталып 50 жаштагы жаран кармалды

"Ош базарынан" ич кийим уурдоого шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 19-февралда соодагер аял арыз менен кайрылган. Анда ал ушул эле күнү "Ош базарында" ага таандык болгон 58 даана эркек кишинин ич кийимдерин белгисиз адам уурдап кеткенин айткан. Муну менен ал 17 миң 400 сом зыян тартканын билдирген.

Издөө иштеринин алкагында аталган кылмышка шектелип, 1972-жылы төрөлгөн Х.А. аттуу адам кармалган.

Тергөө иштери учурунда шектүү 2 айга СИЗО-1ге камакка алынып, учурда ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munduz2016
2022-02-27 16:26:42
Кымбат ич кийимдер экен да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан