Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстанда бүгүн, 23-ноябрда саат 06:14тө жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 3-3,5 баллга жеткен. Жер силкинүү Ысык-Көл облусунун Орто-Токой айылынан түндүк-батышка карай 25 чакырым, Балыкчы шаарынан түштүк-батышка карай 40 чакырым аралыкта байкалган. Орто-Токой айылында жер титирөөнүн күчү 1,5-2 баллга жеткен. 

Алдын ала маалыматтарга караганда, кыйроолор жана жабыркагандар жок.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан