Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын Капчыгай аймагында август айында Кара-Суу дарыясында агып кеткен балдарды издөө иштери кайрадан башталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 23-ноябрда берген маалыматына ылайык, министрликтин 20 куткаруучусу издөө иштерине тартылды.
Эске салсак, 21-августтагы жол кырсыгынан 3 жаштагы М.Миташева менен 13 жаштагы Ж.Жусупжанова сууга агып кеткен.