Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынын 23-ноябрда берген
маалыматына ылайык, бейбаштыкка шектелип 2 адам кармалды.
Милиция бөлүмүнө Чалдыбар айылынын
28 жаштагы тургуну Ш.М. кайрылган. Арыз ээси 1-ноябрда саат 23:30 чамасында мас
абалындагы 2 адам үйүнүн эшик-терезелерин сындырып кирип, күйөөсү экөөнү сабап салышканын билдирген.
Аталган факты боюнча
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесине (бейбаштык) ылайык
кылмыш иши козголду.
Иликтөө чараларынын натыйжасында Панфилов районунун тургундары 26
жаштагы Т.К. жана 25 жаштагы М.А. кармалды. Иликтөө иштери жүрүүдө.