Көк-Арт ашуусунда кар көчкү алдында калган 2 Кытай жаранын издөө күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көчкү алдында калган адамдарды издөө, кар көчкүнү тазалоо иштерине ӨКМнын 52 куткаруучусу, "Чайна Роуд" ишканасынын 4 техникасы тартылган. Ал жерде жүргүзүлүп жаткан иштерди өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов жетектөөдө.
Эскерте кетсек, 14-февралда Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 332-чакырымында кар көчкү түшүп, “Чайна Роуд” компаниясынын 4 айдоочусу техникасы менен кар көчкү алдында калган.
Тынбай издөө иштеринин алкагында, 26-февраль күнү унаа жолдогу туннелдин түндүк тарабынан 24 жаштагы Кыргыз жаранынын жана туннелдин түштүк тарабынан 44 жаштагы Кытай жаранынын сөөгү табылган.
Учурда калган эки адамды издөө иштери уланууда.