"Шайлоочуга атасынан тамеки катууга жардамдашкан". Милиция кызматкери добуш сатып алууга аралашпаганы айтылды

Кечээ, 27-февралда Свердлов районунан милиция кызматкери добуш сатып алууга аралашканы тууралуу видео тараган.
Бул боюнча милициянын кайгуул кызматынан расмий маалымат таратып, укук коргоо кызматкеринин добуш сатып алууга тиешеси жоктугун кабарлашты.
"27-февралда Свердлов районундагы №1302 шайлоо участогунан добуш сатып алуу фактысы катталып, Свердлов райондук тергөө кызматы чакыртылган. Кызматкерлер шектүү катары кармалган 2001-жылы туулган К.Т. аттуу жаранды текшерүү учурунда, ал атасы келип калгандыктан чөнтөгүндөгү тамекини кайгуул кызматкерине берип кармап туруусун өтүнгөн. Кызматкер тамеки экендигин көрүп чөнтөгүнө салып, кайрадан алып чыккан. Бул видео боюнча кызматкерлер шайлоо процессине аралашып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ошого карабастан азыркы учурда кызматтык териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти милициянын кайгуул кызматынан.
Кайра шайлоо. Добуш сатып алуу фактысы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aksy.1989
2022-02-28 13:09:32
Атасы билип калды эми шайлоо деп журуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан