Жалал-Абадда мамлекетке 56 миллион сом зыян келтирген ишкананын мурдагы директору кармалды

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын мурдагы директору кармалды. Ага карата "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергелип жатат дешет УКМКнын маалымат кызматынан.

Комитеттен билдиришкендей, 2018-2020-жылдары Майлуу-Суу шаардык жылуулук менен камсыздоо бөлүмүнүн жооптуу кызматкери Т.Т.М. ишкананын кээ бир жумушчулары менен алдын ала сүйлөшүп алып, ири суммадагы мазут жана газды мыйзамсыз эсептен чыгарышкан. Анын кесепетинен мамлекеттик бюджетке 56 миллион 237 миң 224 сом зыян келтирилгени аныкталган.

"Бул факты боюнча 2022-жылдын 26-февралында Майлуу-Суу шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын мурдагы директору Т.Т.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы учурда УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - дешет мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан