Ысык-Көлдө кийик атып келе жаткан 3 жаран кармалды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан кабарлашкандай, кармалгандардын жанынан курал, ок жана мүшөккө салынган тоо кийиктин эти табылды.
Маалым болгондой, 25-февралда болжол менен саат 21:30 чамасында Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак-Кумтөр унаа жолунан Toyota Land Cruiser-100 унаасы токтотулган.
"Инспекторлор тарабынан эч кандай уруксат кагаздары жок ИЖ-27 №Б 17288, 1 даана ок атуучу курал, 2 даана ок жана тоо кийигинин 9 бөлүккө бөлүнгөн этин алып бара жаткандыгы аныкталган.
Жеринде далил заттар алынып, тиешелүү иш кагаздар толтурулду. Ошондой эле инспекторлор тарабынан жарандардын аты-жөнү аныкталып, мыйзам чегинде чара көрүү максатында тиешелүү материалдар Жети-Өгүз ройонунун ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берилди", - дешти мекемеден.