Ысык-Көлдө бир нече малды уурдоого шектелип кармалган жарандар үй камагына чыгарылды. Облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, кармалгандар күнөөлөрүн толугу менен моюнга алышты.
Маалыматка ылайык, 21-февралда Тамчы айылынын тургуну арыз менен милицияга кайрылып, айылдын четиндеги талаадан эки баш бээсин уурдап кеткендигин билдирген. Арыз 205-берене (уурдоо) менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.
"Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кылмышка шектүү катары эки жергиликтүү тургун кармалды. Алар 34 жаштагы Б.А. жана 27 жаштагы Т.А. экени белгилүү болду. Алдын ала суракта шектүүлөр күнөөлөрүн толугу менен моюнга алышты.
Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө кармалгандардын 2021-жылдын июль айынан бери мал уурулук боюнча 6 фактыга катыштыгы бар экени жана 3 баш бодо малды, 4 баш жылкы уурдашканы аныкталды.
Райондук соттун чечими менен кылмышка шектүүлөргө карата үй камагына алуу баш коргоо чарасы тандалды. Учурда тергөө амалдары улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.