Жол кырсыгына кабылган жабырлануучу акыйкат издейт. Бул тууралуу жактоочу Шердор Абдыкапаров жана жабырлануучу И.С. SUPER.KG порталына билдиришти.
"Былтыр, 2-декабрда саат 18:00 чамасында келиним менен Нарын шаарына бара жатып, Кочкорго жете электе каршы тилкеге КамАЗ чыгып унаалар кагышты. Бизди Кочкор райондук ооруканасына алып барышты. Абалым оор болгондуктан эсимди жоготуп коюптурмун. Туугандарымдын айтымында, 3-декабрда мени Бишкек шаарына алып келип, №4 шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырышкан, колу-бутум сынган. Мен ооруканада жаткан маалда Кочкордон бир дагы МАИ кызматкери, бир дагы тергөөчү бизге келген жок. Телефон да чалышкан жок. Андан соң иш Нарын шаарына өткөрүлүп, РИИБдин кызматкерлери ишти кароого убада берип, тергөөчү Азат Мокенов дайындалып, 3 ай өттү, ал жок, чалууларга жооп бербей жатат.
Биз отурган унаанын айдоочусу мурдагы милиция кызматкери. Анын атасы дагы мурдагы офицер. Унаанын алдынкы орундугунда Т.А. аттуу кыз отурган. Ал Нарын ШИИБинин кызматкери. 2021-жылдын 2-декабрына караган түнү алар ӨКМге жалган маалымат берип, бир гана РИИБдин кызматкери жабыркап, калгандары жеңил жаракаттарды алышкан деп маалымдашкан", - деди жабырлануучу.