Кыргызстанда бүгүн, 23-ноябрда саат 15:40 чамасында күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Жер силкинүүнүн очогу Балыкчы шаарынан түштүк-батышка карай 45 чакырым, Бишкек шаарынан түштүк-чыгышка карай 95 чакырым алыстыкта жайгашкан. Борбордо жер титирөөнүн күчү 3-4 баллга жеткен.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кыйроолор жана жабыркагандар жок.