Эл аралык Олимпиада комитети (ЭОК) эл аралык спорт федерацияларына жана мелдештин уюштуруучуларына орусиялык жана беларустук спортчулардын катышуусуна жол бербөөнү сунуштады. Мындай маалымат ЭОКтун расмий сайтына жарыяланды.
"Дүйнөлүк спорттук мелдештердин бүтүндүгүн жана бардык катышуучулардын коопсуздугун коргоо үчүн ЭОКтун Аткаруу кеңеши эл аралык спорт федерацияларына жана иш-чаралардын уюштуруучуларына орусиялык жана беларустук спортчуларды, ошондой эле расмий өкүлдөрдү чакырбоону жана катышууга уруксат бербөөнү сунуштайт. Орусиянын же Беларустун жарандары, мейли жеке адам болобу же команда болобу, бейтарап спортчу же бейтарап команда катары гана кабыл алынышы керек", - деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.
Ошондой эле ЭОКтун Аткаруу комитети Путиндин, Чернышенконун жана Козактын буйругун кайтарып алгандыгын билдирди.