Баткен облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 09:09да Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Кадамжай районунун Пульгон, Таш-Кыя, Ынтымак айылдарында 4 балл, Шуран, Котур-Булак, Жийделик, Кызыл-Булак, Кулду айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.