Сүйүү күнүндө iPhone 13 Pro Max жана акча уурдоого шектүү жаран 2 айга камакка алынды

Бишкекте iPhone 13 Pro Max жана акча каражатын уурдоого шектүү жаран кармалды. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, окуя 14-февралда катталган.

21-февралда Свердлов РИИБине К.Л. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда ГУМ соода борборундагы дүкөндөн 1 миң 340 доллар жана iPhone 13 Pro Max телефонун белгисиз адамдар уурдап кеткени кабарланган.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки тергөөгө алынган.

"Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, шектүү катары 1990-жылы туулган М.Р. кармалып, 2 айга СИЗО-1ге камакка алынды", - дешет башкы башкармалыктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан