Бишкекте маршруттук таксиден жүргүнчүнүн телефонун уурдоого шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, окуя былтыр октябрь айында болгон.
Маалыматка ылайык, шаар тургуну М.А. арыз менен милицияга кайрылган. Анда 19-октябрда саат 20:00 чамасында маршруттук таксиде бара жатканда чөнтөгүнөн 19 миң сомдук телефонун уурдатып жибергенин билдирген.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине "уурулук" менен катталып, сотко чейинки тергөө иши башталган.
"Тергөө иштеринин жүрүшүндө, кылмышка шектелип 1993-жылы туулган Р.А. аттуу жаран колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги такталууда", - деп кабарлашты мекемеден.