Кызыл-Кыя шаарында айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери 28-февраль күнү жүргүнчү ташыган унаалардын техникалык абалын текшерүү максатында шаардык ЖТАУМде кичи автобустарга комплекстик жана контролдук текшерүү өткөрүшкөн.
Анда техникалык абалдары оң эмес унаалардын айдоочуларына Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протоколдор толтурулган. Андан сырткары Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы автобекеттерге барып айдоочулар менен жүргүнчүлөр арасында жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.