Таласта планшет уурдап издөөдө жүргөн жаран кармалды. Облустук милициядан белгилешкендей, шектүү "Издөө" аталышындагы 2 күндүк рейдде аныкталды.
Рейддин максаты издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоо, тергөөдөн, соттон качып жүргөн, айрыкча оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасап издөөдө жүргөн кылмышкерлердин жүргөн жерлерин тактап сот жообуна тартуу, кармоо тапшырмасы коюлган.
"Эки күндүк иш-чаранын алкагында дайынсыз жоголгон 2 жарандын жүргөн жери аныкталып, жакын туугандарына тапшырылды. Ошондой эле кылмыш иштерин жасап качып жүргөнгө шектелип 3 адам кармалды. Алардын бири 2020-жылдын декабрь айында Талас шаарындагы унаа оңдоочу жайдан диагностика жасаган планшеттик аппаратын уурдагандыгы боюнча издөөдө жүргөн. Шектүү 21 жаштагы Н.А., Талас шаарынын тургуну. Ал уурдалган планшетти күрөөканага өткөрүп, жашырынып жүргөн жеринен Бишкек шаарынан кармалды", - дешти маалымат кызматынан.
Рейд учурунда алдамчылык, бейбаштык жана башка кылмыштарга байланышкан шектүүлөр кармалып, бир нече фактынын бети ачылган.