"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын коло байге ээси, белгилүү кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова жаңыланган рейтингде өз салмак категориясында биринчи орунга жайгашты. Мындай маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, кыргыз балбан кызынын карамагында 83600 упай бар. Бул анын дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга жайгашуусуна мүмкүнчүлүк берди. Мындан тышкары 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы өз салмак категориясында 2-орунга көтөрүлдү. Анын карамагында 67000 упай бар.
Жаңыланган рейтинг Түркияда өткөн "Яшар Догу" турниринин жыйынтыгы боюнча түзүлдү. Бул турнирде Мээрим Жуманазарова күмүш, Айпери Медет кызы алтын медаль уткан.
Ал эми Айсулуу Тыныбекова буга чейинки турнирлерде топтогон упайы менен рейтингдин сап башында.