Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Өзбекстандын Наманган шаарында өтө турган “Navruz Cup 2022” эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу кабарлады.
Бул мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн тышкары Өзбекстан, Тажикстан жана Уганданын командалары катышат. Мелдештин жобосуна ылайык, командалар плей-офф баскычында кез келип, жарым финалдык беттештер ойнолот. Жеңген командалар финалда, жеңилгендер үчүнчү орун үчүн беттеште кез келишет.
25-мартта "Ак шумкарлар" жарым финалда Өзбекстан менен беттешет. Финалдык беттештер 29-мартка белгиленген.
"Навруз кубогу 2022" жүгүртмөсү:
Жарым финалдык беттештер:
25-март (жума)
16:00 - Уганда — Тажикстан
20:00 - Өзбекстан - Кыргыз өлкөсү
29-март (шейшемби)
16:00 – Үчүнчү орун үчүн беттеш
20:00 – Финал