Бүгүн “Жылдыздар кубулушу” шоу-программасынын 2-сезонунда 11 катышуучу ат салышат

Бишкек шаарындагы түнкү клубдарынын биринде бүгүн, 24-ноябрда шоу-бизнес өкүлдөрү катышкан “Жылдыздар кубулушу”  шоу-программасынын кезектеги сынагы өтөт. 

Кыргыз эстрада ырчыларын жана таланттуу жаштарды дүйнө жылдыздарына кубулткан долбоордо 11 катышуучу ат салышат. 

Аталган долбоорду ишке ашырып, таланттардын башын бириктирип жаткан уюштуруу тобунун төрагасы Азиз Данияров төмөнкүлөргө токтолду.

 “Долбоор күйөрмандардын суранычы боюнча кайрадан башталып отурат. 746 катышуучунун ичинен мыкты 11 талантты тандап алдык. Биринчи турдан эң аз упай алган 2 катышуучу сынактан четтейт. Азыр өздөрү тандаган чыгармаларды аткарышат. Мындан ары тапшырмаларды бере баштайбыз”,- деди ал.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан