Кыргыз Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасовага кызы Сайкал Садыбакасова темир тулпар тартуулады. Ырчы апасына LEXUS LX570 унаасын белек кылды. Айтымында, бул анын көптөн берки кыялы.
"Ким гана 9 ай сай-сөөгү сыздап төрөгөн апасы жөнүндө жакшы кептерди айтып мактанбасын? Бул ааламды көрүүгө мүмкүнчүлүк берген алтын апакем, сиз бар биз бар. Канчалаган кыйынчылыктарды көтөрүп, ушул даражага алып келдиңиз. Ооба, апа, сиздин биз үчүн эле эмес, эл үчүн да кошкон салымыңыз зор. Сиз менин сөз менен жеткире алгыс байлыгымсыз, апа.
Белегимди берип кучактасам "Эркин ушул күнү жаныбызда болсо..." деп ыйлап жибергенин көрүп, ичимен эзилип кеттим. Апакебай, сиздин берген таалим-тарбияңыздын үзүрүн көрүп жатам. Бул белек сиздин тоодой эмгегиңиз менен сүйүүңүздүн алдында эмне болуп калыптыр", - дейт ырчы.
Ал эми Гүлшайыр Садыбакасова күтүлбөгөн белек болгонун айтат.
"Өзүмө-өзүм келе албай, араң келдим. Кудайдын айтканы боло берет турбайбы. Бир учурларда ушундай унаа айдасам деп тилек кылып койдум эле... Сакуляма рахмат. Мени сыйласа, Кудайым эселеп сыйласын", - дейт музыкант.