Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринде бүгүн, 24-ноябрда шоу-бизнес өкүлдөрү катышкан “Жылдыздар кубулушу” аттуу шоу-программанын 2-сезону өтөт.
Бул долбоордо искусство чөйрөсүндө жаңыдан чыгып келе жаткан жаш ырчылар, ошондой эле өз талантын сынагысы келген жаштар дүйнө жылдыздарына кубулушмакчы.
Катышуучуларды колдоп ырчылар Дайыр Исмадияров жана Курал Чокоев келди. Алар аталган иш-чара Кыргызстандын таланттуу жаштарын колдоодогу алгылыктуу долбоорлордун бири экендигин белгилеп өтүштү.
“Бул сынакка жакын тааныштарымдын бири ырчы Дархан катышып жатат. Бардык катышуучуларга ийгилик каалайм”,- деди ырчы Дайыр Исмадияров.
"Кубулууга даярбыз!" деген катышуучулар толкунданып жатышканын да жашырышкан жок.