134 миллион сомдук карызды жокко чыгарган. Ошто энергетикалык компаниянын мурдагы жетекчиси кармалды

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө "Ош электр" компаниясынын жооптуу кызматкерлеринин коррупциялык аракеттери аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашат.
"2016-2020-жылдар аралыгында ишкананын жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарышкан. Анын кесепетинен 134 миллион 404 миң 877 сомдук зыян келтирилгендиги тастыкталды", - дешет прокуратурадан.
Аталган факты боюнча 336-берене (коррупция) менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары "Ош электр" компаниясынын мурдагы жетекчиси Д.Д.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Азыркы тапта кылмыш ишине тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты көзөмөл органынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан