Оштогу "Крутой" аттуу рейдде мыйзам бузган 600 адамга протокол түзүлдү. Бул тууралуу Ош шаары боюнча милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-26-февраль күндөрү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына караштуу милициянын кайгуул кызматы "Крутой" аталышындагы рейд өткөргөн. Анын алкагында жалпы 600 протокол түзүлүп, айып короого 40 унаа токтотулган.
Анын ичинен унаанын айнектерин караңгылатып алган 10 айдоочуга, уруксатсыз кошумча жабдык орнотуп алган 4 айдоочуга, мас абалында унаа башкарган 15 айдоочуга, документтери жок унаа башкарып жүргөн 15 айдоочуга, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдөн туура эмес өткөн 25 адамга, жол эрежелерин бузган 300 адамга жана жол тескөөчүсүнө баш ийбеген 1 адамга протоколдор толтурулган.