Жалал-Абадда 38 жаштагы киши иске ууланып каза болду

Жалал-Абадда 38 жаштагы эркек киши иске ууланып көз жумду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя бүгүн, 2-мартта катталды.
Маалыматка ылайык, Базар-Коргон шаарынын Сай-Коргон айылында турак үйдөн эртең менен өрт чыкты. Жерине өрт өчүрүүчү эки бөлүм тартылып, өрт саат 10:57де толук өчүрүлдү.
"Өрттүн кесепетинен 38 жаштагы А.С. аттуу эркек киши иске ууланып каза болду. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым такталууда", - дешет басма сөз кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан