Ысык-Көлдө лыжа базанын жанындагы мейманканадан өрт чыгып, жакын жайгашкан турак үй да күйдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.
Куткаруучуларга 1-мартта саат 21:10 чамасында Каракол лыжа базасынын жанында жайгашкан "Тумар" мейманканасы күйүп жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
"Жерине эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 21:50дө чектөөгө алынып, саат 23:52де толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан мейманкананын 435 чарчы метр ашканасы жана мейманкананын жанында жайгашкан турак үй күйдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп айтылат маалыматта.