Футбол: Улуттук курамдын коргоочусу Кайрат Жыргалбек уулу Казакстандын Премьер-Лигасында ойнойт

Улуттук курамдын коргоочусу Кайрат Жыргалбек уулу Казакстандын Премьер-Лигасында ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-мартта «Аксу» футболдук клубунун расмий презентациясы өтүп, анда Казакстан Премьер-Лигасынын жаңы сезонунда ойной турган оюнчулары белгилүү болду. Анын жүрүшүндө Кыргыз улуттук курама командасынын коргоочусу Кайрат Жыргалбек уулу командага кошулуп, 40-номер менен ойной тургандыгы маалым болду.

«Аксу» клубу Казакстан Премьер-Лигасынын бул жылкы дебютанты. Чемпиондуктун старты 5-мартка пландалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан