"Жылдыздар кубулушу" сынагынын 2-сезонунун 1-туру жыйынтыкталды (фоторепортаж)

Бишкекте 24-ноябрда таланттуу жаштардын арасындагы “Жылдыздар кубулушу” аттуу сынактын 2-сезонунун 1-туру жыйынтыкталды. Талантын элге тартуулаган жаштардын арасында белгилүү ырчылар менен катар жаңы ысымдар да болду. 

Биринчи турда Миңжашар Мурзаев, “Назик+” тобу, Алина Омурзакова, Марлен, Мунара Турусбек кызы, Ильяз Жаналиев, Дархан, Ширин Асанакунова, Перизат Дөөлөтбакова, Зарина Осмонова жана Назгүл дүйнө жылдыздарынын репертуарындагы ырларды аткарып, күч сынашты. 20 күндөн кийин өтүүчү сынактын 2-туруна 11 катышуучу толугу менен катышат. 

Калыстар тобунун мүчөсү Эрнест Абдыжапаров долбоордун маанилүү экендигине токтолуп, катышуучулар дүйнө жылдыздарынын деңгээлинде ырдай алышарын белгилеп өттү. “Бул долбоордон кыргыздын ырчылары батыштын жылдыздарынын деңгээлине жете алат деп айта алабыз. Мындай сынактар кыргыз эстрадасынын абалын чыңдайт. Бүгүн моокумум кангыча ырахат алдым” деди. Ошондой эле сынактын шарттары да өзгөрүп жаткандыгын кошумчалап өттү.

 Эске салсак, бүгүн долбоордон Перизат Дөөлөтбакова кетмек. Бирок калыстар тобунун чечими менен сынакка катышууга мүмкүнчүлүк алган.

 “Жылдыздар кубулушу” долбоору тууралуу кызыктуу видеоматериалды 26-ноябрда SUPER.KG порталынан көрө аласыздар.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tengara
2013-11-25 04:33:32
biondalar koboiyp ketiptirgo.
0
admin_superstan
2013-11-25 10:04:54
nurel50, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан