Жалал-Абаддын Кызыл-Жар шаарчасындагы республикалык психиатриялык оорукананын жетекчилигинин ишмердүүлүгү текшерүүгө алынды. Текшерүүнүн жыйынтыгына ылайык, аталган жайдын башкы дарыгери кызматтан алынды дешти Башкы прокуратурадан.
"Республикалык психиатриялык оорукананын жетекчиси Г.М. психикалык жактан жабыркабаган, адам өлтүрүүгө айыпталган жаранга карата соттук-психиатриялык экспертизаларды өткөрүү менен сот органдарына мыйзамсыз сунушту берген факты аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура тарабынан саламаттыкты сактоо министрине аталган оорукананын башкы дарыгери Г.М`га карата катуу тартиптик чара көрүү жөнүндө сунуш келтирилип, башкы дарыгер Г.М. кызмат ордунан бошотулду", - дешти мекемеден.