Түркиянын Cтамбул шаарында киши колдуу болуп көз жумган уйгур тектүү ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү үч киши өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Түркиянын басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Стамбул шаардык соту Айэркен Саймаитинин өлүмүнө шектелип кармалган жети адамга 28-февралда өкүм чыгарган. Анда айыпталуучу Абдулла Энвер, Хусейн Ахметалиев жана Самер Барготту "Мамлекеттин биримдигин жана өлкөнүн бүтүндүгүн бузган" деген берене менен өмүр бою эркинен ажыратылган.
Ошондой эле сот Абдулла Энвер менен Хусейн Ахметалиевге "атайлап адам өлтүрүү" жана "куралдуу террористтик уюмдун мүчөсү" беренеси боюнча 500 миң лира айып салган.
Калган төрт айыпталуучу Нормахамат Арипхонов, Али Исбех, Али Эл Хаж Али жана Ассад Элхатиб үч жылга кесилген.
Аларга "Террордук уюмга атайлап жана өз ыктыяры менен жардам берген" деген айыптын негизинде өкүм чыккан.
Айэркен Саймаити 2019-жылы Стамбулда өлтүрүлгөн. Ошол күнү ал айдап жүргөн унаа Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы консулдугуна таандык дипломатиялык номер менен жүргөн.