"Бекназ Алмазбеков бар". Март айындагы оюндарга карата "Ак шумкарлардын" катарына кайсы футболчулар чакырылды? (тизме)

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы башкы машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилиги астында Түркияда окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуу-машыгуу жыйыны 14-мартта башталат. Окуу-машыгуу жыйыны Азия Кубогуна тандап алуу оюндарына даярдык катары өткөрүлүүдө. Машыгуу жыйынга Александр Крестинин жалпы 32 оюнчуну чакырган.

Окуу-машыгуу жыйынына чакырылган футболчулардын тизмеси:

  • Дарбазачылар: Кутман Кадырбеков («Алга»), Эржан Токотаев («Туран», Казахстан), Руслан Амиров («Дордой»), Калыс Акималиев («Абдыш-Ата»).
  • Коргоочулар: Валерий Кичин («Енисей», Орусия), Тамирлан Козубаев («Истерн АА», Гонконг), Бекжан Сагынбаев, Александр Мищенко (экөө тең - «Дордой»), Кайрат Изаков, Християн Браузман, Данила Сокирченко (бардыгы- «Абдыш-Ата»), Айзар Акматов («Шейх Рассел», Бангладеш).
  • Жарым коргоочулар: Эдгар Бернхардт, Темирболот Тапаев (экөө тең - «Алга»), Турсунали Рустамов, Ахлидин Исраилов ( «Нефтчи»), Кайрат Жыргалбек уулу («Аксу», Казахстан), Фархат Мусабеков («Туран», Казахстан), Мирбек Ахматалиев (ПДРМ, Малайзия), Алимардон Шүкүров («Неман», Беларусь), Гүлжигит Алыкулов («Кайрат», Казакстан), Одилжон Абдурахманов («Бунёдкор», Өзбекстан), Азим Азаров, Абай Боколеев, Гулжигит Борубаев (бардыгы - «Дордой»), Атай Жумашев («Абдыш-Ата»), Николай Давыдов («Фрайзинг», Германия), Бахтияр Дүйшөбеков («Алай»), Бекназ Алмазбеков («Галатасарай», Түркия).
  • Чабуулчулар: Мирлан Мурзаев («Ченнаи», Индия), Эрнист Батырканов («Абдыш-Ата»), Эльдар Молдожунусов («Нефтчи»).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан