Бишкек шаарында 3 жашар баланы троллейбус сүзүп кеткенин Бишкек шаардык жол кайгуул кызматы билдирди. Окуя 24-ноябрда саат 14:20 чамасында Жибек-Жолу–Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде болуп, жаракат алган З.Рыскелди №3-балдар клиникалык ооруканасына жеткирилди. Троллейбус айып аянтчасына токтотулуп, ишти Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө тобу иликтеп жатат.