Бишкекте жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты

Үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрында болжол менен саат 23.35дер чамасында Исанов көчөсү менен түндүктү карай бара  жаткан Фольксваген Сантана унаасы Чоң Чүй каналына жете  бербей жол кырсыгына  учураган. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматтарга караганда, айдоочу рулду башкара албай калып жол жээгиндеги бакты сүзүп алган. Анын натыйжасында унаанын айдоочусу Д.Ж. каза таап, денесинен ар кандай жаракаттарды алган жүргүнчү К.М. ооруканага жеткирилген. Учурда бардык материалдар топтолуп, Бишкек ШИИББинин жол кырсыктары менен иштөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан