Ошто тургунду опузалап 20 миӊ доллар талап кылган адам кармалды

Ошто тургунду опузалап 20 миӊ доллар талап кылган адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 1-март күнү Ош шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда М. аттуу адам аны опузалап WhatsApp аркылуу 20 миӊ доллар талап кылып жаткандыгын билдирген.

Арыз Жазык кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон. 2-март күнү саат 17:00 чамасында Ош шаарындагы кафелердин биринде аталган сумманын бир бөлүгүн алып жаткан учурда мурда "адам өлтүрүү" беренеси менен соттолгон, 1987-жылы туулган Ш.М. аттуу адам кармалган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан