Беш жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз жарандары Польшадан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, былтыр, 2021-жылы Ички иштер министрлиги Интерпол менен биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн 45 адамды кармаган. Анын алкагында 2017-жылдан бери издөөдө жүргөн эки Кыргыз жараны Польшадан кармалган.
Биринчиси Сириядагы куралдуу кагылышууларга катышкан, ал эми экинчиси абактан качып жүргөн.
Жалпы эл аралык издөөдө жүрүп кармалган 45 адамдын ичинен 14 киши чет өлкөлөрдө, 31 адам Кыргыз өлкөсүндө болгон.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын аймагынан Интерпол тарабынан издөөдө жүргөн уурдалган 10 унаа жана 6 жараксыз айдоочулук күбөлүк, ошондой эле 1 жасалма паспорт аныкталган.