SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы акын Венера Акматова.
Тирүүлүк кучагында түркүн жомок
Түгөнгүр, турмуш шундай опурталдуу,
Кол салып, кайра коргойт мезгил эне,
Билгенге ушул таңдын баркы бийик,
Билбеске катардагы бир күн эле.
Тирүүлүк кучагында түркүн жомок,
Түңүлбөйт эртеңинен адам, пенде.
Сенин да өз чындыгың туталантса,
Бир чындык чыркыроодо анан менде.
Баркталбай өтүп жаткан өмүр ыза,
Энчиси жүзүмдөгү майда бырыш.
Кандай оор, кандай кыйын эки ортодо,
Бир үзүм сөз айта албай карап туруш.
Кыйнады сени далай, мени дагы,
Көздөрдүн оң-тетири караганы.
Бейпилдик бизге керек, издеп демек,
Керек эмес ким бирөөнүн баалаганы.
Тирүүлүк
Таттуу кыял магдыратып, мас кылып,
Тилек, үмүт ай ааламга азгырып.
Айлуу түндө адат болду ой багуу,
Мынча неге түйшөлөмүн жаш туруп.
Тердеп-кургап, тирүүлүккө алышып,
Мезгил менен кошо чуркап жарышып.
Жашап жүрөм көп пенденин бириндей,
Күндөр менен миң урушуп, табышып.
Өлбөстүктүн мүрөк суусун таткандай,
Өмүр мага өтпөчүдөй сезилет.
Бүгүнкү күн уясына баткандай,
Бир күн ажал мага дагы кезигет.
Мен ошондо өкүнөөрүм билемин,
Аткарылбай калаар канча тилегим.
Жаралганда наристе элем ыңаалап,
Жаратканым алаар пенде жүрөгүн.
"Адам", "Аял" - атым улук болсо да,
Ааламдагы күнөөлүү жан экенбиз.
Тозогуң да, сурагың да бу дүйнө...
Оо дүйнөдө бейиш көрөр бекенбиз?!
Салабаттуум
Кайран жаштык, кагылайын мөлтүрөк,
Күндөрүм эх, жалындаган, өртү көп.
Кызык болчу анда мага ушул күн,
"Ким болду экен түндүгүмдүн бөркү?" деп.
Коломтомо от тутанып жакшына,
Анан турмуш жанаштырды жакшыга,
Өзүмдү арнап, өмүрүмдү бүт арнап,
Сен аркылуу жеттим ушул бактыга.
Кагылайын кабыланым, айкөлүм,
Ырыскыбыз жуурулушкан май-көлүм.
Мен жазданчу ийиниңде кубат бар,
Сен бар үчүн төркүнүмдө бар төрүм.
Айбаттуусуң, кайраттуусуң, сүйгөн жан,
Учсам канат, а уктасам күйгөн шам,
Салабаттуум... Көлөкөңдө ырахат,
Сени менен жашоом сулуу, дүйнөм шаң.
Карааныңда "ата" - деген улуулук,
Кучагыңда күндөй кубат, жылуулук.
Сага арналып жаралыпмын жашоого
Ата-энемдин сезиминен жуурулуп.
Сени менен тууганыма барктуумун,
Сен бар үчүн балдарыма таттуумун.
Сенден алам жылуулукту, мээримди,
Сени менен мен сулуумун, шаттуумун.
Ак никелүү, арзып тапкан түгөйүм,
Сен жылмайсаң мен кубаттап күлөйүн.
Бир жаздыктан агарса экен чачыбыз,
Сүйүп жаша, мен да чексиз сүйөйүн!