Өзүн милиция кызматкери деп тааныштырып пара талап кылган ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери Ш.Э.Т. аттуу жаранга карата алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
"Укук коргоо органдарындагы белгилүү бир чөйрөдө байланыштары бар, органдардан терс себептер менен бошотулган Ш.Э.Т. материалдык пайда табуу максатын көздөп, кылмыш иши боюнча оор кесепеттерге алып келем деп коркутуп, ошондой эле тергөөнүн жүрүшүнө таасир этиши мүмкүн экендиги тууралуу айтып, алдамчылык жолу менен Э.Э. аттуу жарандан ири өлчөмдөгү акча каражатын алгандыгы аныкталды", - деп жазылат билдирүүдө.
Айыптоо корутундусу бекитилгенден кийин кылмыш иши Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү.