Опузалап пара талап кылууга шектелип Ош ШИИБинин кызматкери кармалды

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкери опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, укук коргоо кызматкери 20 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.

"Кармалган Б.Т. аттуу милиция кызматкери жаранга анын маселесин оң жакка чечип берүү үчүн акча талап кылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголду", - деп билдиришти УКМКдан.

Пара талап кылууга шектелип кармалган милиция кызматкери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан