Чүйдө кар көчкүдөн бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Жел-Арык коктусуна аң уулоого чыккан үч аңчынын бири жок болуп жаткандыгы тууралуу маалыматтын негизинде, жерине саат 15:55те Кемин райондук №5 куткаруу кызматынан беш куткаруучу тартылган.
Куткаруучулар жеткенде коктуда болжол менен 3000 метр куб кар көчкү түшкөндүгү аныкталган. Издөө иштеринин жүрүшүндө, саат 17:45те көчкүнун астынан 49 жаштагы Б.Р. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Каза болгон жарандын денеси райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүп берилген.