
Бишкекте адам өлтүрүүгө жана башка оор кылмыштарды жасоого шектелип издөөдө жүргөн Түркиянын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы Кыргыз Республикасынын аймагында Түркиянын жараны А.И. жасалма документ менен жүрөт деген маалымат алышкан. 26-февраль күнү жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында, Бишкектен 1984-жылы туулган Түркиянын жараны А.И. кармалган. Андан М.И. аттуу Түркия жаранына таандык жасалма паспорт жана айдоочулук күбөлүк табылган.
"Текшерүүдө кармалган жаран Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынганы белгилүү болгон. Ал Стамбулда 2007-жылы журналист Грант Динкти атайылап өлтүрүүгө, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топторго катышуу жана ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүү сыяктуу бир нече өзгөчө оор кылмыштарды жасоого шектелип издөөдө жүргөн. Шектүүнүн баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту карап чыгып, эки айга камакка алынган", - деп жазылат маалыматта.