Былтыр тергөө органдары тарабынан балдарга карата жасалган кылмыштар боюнча 3 миң кылмыш иши тергелген

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин “Ынтымак” парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында балдарга карата жасалган зомбулук мамилеси боюнча Ички иштер министрлигинин жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы угулду.

Жыйында баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 2021-жылы тергөө органдары тарабынан жашы жете элек балдарга карата жасалган кылмыштар боюнча 3 миң 34 кылмыш иши тергелгенин айтты. “Тергөөнүн жыйынтыгында 534 иш сотко жөнөтүлүп, 1 миң 854 иш кыскартылган. Анын ичинен реабилитацияга жатпаган негиздер менен 193 иш, реабилитацияга жаткан негиздер менен 1 миң 661 иш”, – деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан