Ош шаарынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тоноо менен алектенген топту кармашты. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Ош шаарынын 19 жаштагы тургуну арыз менен Ак-Буура милиция бөлүмүнө кайрылган. Анда 11-сентябрь күнү өзү жашаган батирге түнкү саат 24:00 чамасында белгисиз 6 адам кирип келип, бирге жашаган жаран экөөнү электрошокер жана бычак менен коркутуп, 5 телефон, 2 даана кол саат, фен, кийимдерин жана 2 жарым миң сом акчасын тоноп кеткендигин билдирген. Арыздануучу кол салган 5 адамдын арасында 3 кыз болгондугун белгилеген.
Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жүргүзгөн иш-аракеттеринин натыйжасында, 2022-жылдын 28-февраль күнү бул кылмышка тиешелүү топтун бардык мүчөлөрү ар кайсы райондордон кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалгандар:
2004-жылы туулган М.к.Н. Өзгөн районунун тургуну, эч жерде иштебейт:
М.А. Кара-Суу районунун тургуну, эч жерде иштебейт;
2000-жылы туулган С.к.А. Алай районунун тургуну, эч жерде иштебейт;
А.уулу Н. Өзгөн районунун тургуну, эч жерде иштебейт;
2003-жылы туулган А.к.А. Баткен районунун тургуну, эч жерде иштебейт.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда. Бул топтун ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу иликтенүүдө.