Кара-Суу райондук милиция кызматкерлери жасалма акча сатууга аракеттенген 2 адамды кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-мартта милицияга Кара-Суу районунун аймагында К. аттуу адам ири суммадагы жасалма доллар сатууну көздөп жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракетинин натыйжасында, ошол эле күнү Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында ири суммадагы жасалма доллар сатууну көздөгөн Ош облусунун Алай районунун 36 жаштагы Н.Т. аттуу тургуну кармалган. Анын жанынан жасалма 100 долларлык 50 даана купюра табылган. Ал эми аны менен чогуу жүргөн Жалал-Абад облусунун тургуну А.Б. аттуу адамдан 100 долларлык 7 даана купюра алынган.
Сурак учурунда алар кылмышты моюнуна алышкан.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, жасалма акчаларды жасагандарды аныктоо иштери жүрүүдө.