Өткөн жылы Бишкек-Ош унаа жолунда Баткенге бара жаткан унаа оодарылып кетип, Куралдуу күчтөрдүн оркестринде ырдап жүргөн ырчы Нурзат Ажыгожоева көз жумган. Жол кырсыгы боюнча козголгон иш өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга тараптардын өз ара келишип алганы себеп болгон.
Окуя 2021-жылдын 29-мартында Бишкек-Ош унаа жолунда болгон, анда аскер унаасы оодарылып кеткен. Унаада түштүктөгү аскер бөлүктөрүнө концерт койгону бара жаткан артисттер болушкан. Жол кырсыгынын кесепетинен ырчы Нурзат Ажыгожоева каза болгон. Ал эми кыякчы Залина Касымова, ырчы Нурчолпон дагы 3 адам ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага түшкөнү кабарланган.
Маркум Нурзат Ажыгожоеванын артында 3 баласы калган.