Өзбекстандын жараны бир килограммдан ашык алтынды аэропорттон алып өтүүгө аракет кылып жатканда кармалды (фото)

Манас эл аралык аэропорту “МЭА” ААКсынын Ош филиалынын чыгуучу залында, жалпы салмагы 1 килограмм 450 граммды түзгөн алтынды алып өтүп бара жаткан адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

"2022-жылдын 3-мартында “МЭА” ААКсынын Ош филиалынын Ош-Стамбул багытындагы каттамы менен учуп жаткан 1979-жылы туулган Р.Ш.Я. аттуу Өзбекстандын жаранынан колго жасалган сары металл буюмдар табылып алынды", - деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, "адамдардын жеке колдонуу үчүн товарлары Бажы бирлигинин чек арасы жана аларды чыгарууга байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашуунун" 2.1-пунктуна ылайык кара жана түстүү металлдардын калдыктары жана сыныктары экспорттоодо же импорттоодо сандык чектөөлөргө дуушар болгон товарлардын тизмесине кирет.

УКМК тарабынан чогултулган материалдарга юридикалык баа берилип, аталган иш боюнча тиешелүү чаралар көрүлмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан