
Кызыл-Кыя шаарында көп кабаттуу үйдүн балконунан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
"Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринин балконунда өрт чыгып жаткандыгы тууралуу маалымат түшөр замат, өрт кесепеттерин жоюу үчүн шаардагы 1 бөлүм тартылган. Батир ээлери жок болгондуктан куткаруучулар өрт кесепетин жоюу иштерин көп кабаттуу үйдүн сыртынан жүргүзүүгө аргасыз болушкан", - деп билдиришти ӨКМдан.
Такталган маалымат боюнча, өрт батирдин балконунда орнотулган электр мешин пайдалануудагы кыска чыңалуудан чыккан. Өрттүн кесепетинен 1 даана палас жана шкаф күйүп кеткен.
Өрттүн жалпы аянты 5 чарчы метрге жетип, саат 14:16да өрт чектөөгө алынып, куткаруучулардын аракети менен саат 14:20да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттөн жабыр тарткандар жок.